Биринчи май райондук соту жарылуучу зат тууралуу жалган маалымат берген келинди камакта калтырды. Райондук соттун басма сөз кызматы билдиргендей, 1994-жылы туулган Г.З. 22-августка чейин убактылуу камакта болот.

Телефон аркылуу терроризм тууралуу жалган маалымат билдирген аял кармалганын 10-августта УКМКнын басма сөз кызматы билдирген.

9-августта кечке маал «Айчүрөк» соода борборунун кардарларын жана кызматкерлерин шашылыш сыртка чыгарышкан. Ага соода борборунда бомба бар экени жана адамдар барымтага алынганы тууралуу анонимдүү маалымат себеп болгон.

Милиция кызматкерлери соода борборун курчоого алышкан. Сапер жана кинологдор иштешти. Бирок жарылуучу зат тууралуу маалымат тастыкталган эмес.