Каракол шаарынын пляжынын аймагын 30-июлга караган түнү катуу жаан-чачындын жашынан улам, Караколка суусунун көлөмү көтөрүлүп, каптап кеткен. Ошол мезгилде, табигый кырсыкка ижарачы Максат Турдубаев, келинчеги жана кичүүсү 8 айлык болгон эки кызы менен учураган.

Максат Турдубаевдин айтуусунда, ошол күнү суунун көлөмү көтөрүлүп, өзүнүн нугунан чыккандыктан, шаардын пляжынын аймагын каптай баштаган. Ошол жерде, өзүнүн үй-бүлөсү менен жашап, аймакты тейлеп жаткан ижарачынын боз үйүнүн ичи бир заматта сууга толуп кеткен. Суу жете элек жерге үй-бүлөсүн чыгарган Максат, тышта суук шамал уруп жаткандыктан, кайра боз үйдөн келинчегине жана балдарына жылуу кийимдерди алып келүүгө аракет көрөт. Бирок, аракети оӊунан чыкпайт. Аткени, жашаган жери сууга капталып калгандыктан, анын ичиндеги кийимдер суу болуп калган. Эмне кыларын билбеген Максат, уюлдук телефон аркылуу өзүнүн милициянын аймактык кызматкеринен жардам сурап чалат.

Кезектеги эмгек өргөсүндө жүргөн Каракол ШИИБдин милициянын аймактык ыйгарым өкүлү Азат Эркинов, дароо сураган адамга жардамга келет. Окуя болгон жерге келген милиция кызматкери, алгач ижарачынын келинчегин жана балдарын коопсуз жерге автоунаасы менен алып барып, айылдын тургундарынын бирине убактылуу жайгаштырат. Андан кийин кайра кайрылып, Максат Турдубаевге буюмдарын милициянын таяныч пунктына көчүрүүгө жардамдашат.

Жардам көрсөткөндөн кийин, милициянын аймактык кызматкери Азат Эркинов, өзүнүн тейлеген участкасын кыдырып, Караколка суусунун боюнда жашап жатышкан жана табигый кырсыкка учураган башка үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүүгө жөнөгөн.

Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматы