Белгилүү болгондой, 1-сентябрь — Билим күнү бул жылы өлкө боюнча 15-сентябрга жылдырылды. Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова маалымат жыйында, 15-сентябрда окуу жылы салтанаттуу линейка менен башталып, андан кийин кадимки сабактар өткөрүлүп, иш күнү болорун билдирди.

Анын айтымында, эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен быйыл республиканын бардык билим берүү уюмдарында 1-класстар үчүн салтанаттуу линейка уюштурулат.