Баткен облустук суу чарба башкармалыгынын кызмат адамдары тарабынан мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилгени аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Баткен районунун Көк-Таш айылындагы «Головной» суу бөлүштүрүү жайын оңдоп-түзөө жана ага тийиштүү тетиктерди сатып алуу үчүн тендер жарыяланган.

«Суу чарба башкармалыктын жооптуу кызматкерлери жумуш аткаруучуларга мыйзамсыз түрдө 1 657 851 сом которуп салган. Алар мамлекеттик сатып алуулардын талаптарын бузуп, өз кезегинде аталган объектинин оңдоп-түзөө иштерин аткарышкан эмес», — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан сырткары. Ак-Сай жана Капчыгай насостук станцияларын куруу боюнча тендер өткөрүүдө жогорудагы жооптуу кызматкерлер эң жогорку бааны сунуштаган тарапты жеңүүчү деп табышкан. Анын кесепетинен мамлекеттен коротулган ашыкча чыгым 602 503 сомду түзгөн.

Ал эми 651 396 сомду сый акы жана иш сапар чыгымдары катары мыйзамсыз жол менен өздөрүнө ыйгарып алышкан.

Жооптуу кызматкерлердин мыйзамсыз аракеттеринен улам мамлекетке жалпы 2 916 880 сом зыян келтирилген.

Материалдар Жазык кодексинин 320-беренеси («Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.