Япониянын батышында жана түштүк -батышында катуу жааган жамгырдын кесепетинен жер көчкүдө бир адам каза болуп, дагы эки адам дайынсыз жоголду, деп билдирет Kyodo News.

Маалыматка ылайык, бир канча күндөн бери нөшөрлөп жаап жаткан жамгырдын кесепетинен өлкөнүн Фукуока, Нагасаки, Сага, Оита, Кумамото жана Кагосима сыяктуу аймактарында жер көчкү жүрүү коркунучу жаралууда. Мындан улам өлкө бийлиги жарандарды болушунча сак болууга чакырды.

Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, түштүк -батыштагы Кюсю аймагында Нагасаки провинциясынын Унзен шаарында жер көчкү жүрүп, эки үй жабыркап, бир аял каза болуп, дагы экөө дайынсыз жоголгон. Окуя болгон жерден 60 жаштагы киши куткарылган.

«Калк үчүн кооптуулук деңгээли өтө жогору. Нөшөрлөгөн жаан акыркы 10 жылда болуп көрбөгөндөй эбегейсиз чоң зыян алып келиши күтүлүүдө», — деп билдирүү тараткан өлкө бийлиги.