«Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын убактылуу тышкы менеджери Теңиз Бөлтүрүк  Центерранын мурдагы жетекчилерине кайрылуу жолдоду:

«Мен Центерранын жетекчилигине, Скотт Перриге, Дэн Дежарденге кайрылып жатам.  Мындай нерселерди  токтотуу керек. Бул күрөштө  сиздер утпайсыздар. Дүйнө жүзүндө көптөгөн товарлар жана тетиктер,  «Caterpillar»,  «Hitachi»,  «Komatsu» сыяктуу чоң-чоң жана башка көптөгөн өндүрүүчүлөр бар. Бул түйшүктүн эч кимге кереги жок. Сиздер өзүңүздөрдүн жана Кыргызстандын элинин алдында чынчыл болушуңуздар керек! Кумтөр иштеп жатат жана иштей берет! Биздин артыбызда төрт миң кызматкер, алардын үй-бүлөлөрү, бүткүл өлкө турат жана бизди тизелетебиз деген ойлоруңар ишке ашпай таш кабат. Андыктан сиздерди мыйзам алдында чынчыл болууга чакырам» — деди.