Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилген «Жер тилкелерин которуу (трансформациялоо) жөнүндө» мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр биздин жарандардын жашоосун бир топ жеңилдетет — дейт Борбордук Азиянын Тынчтык жана өнүктүрүү институтунун төрагасы, саясат таануучу Бакытбек Жумагулов.

«Бул маселе, бул көйгөйдүн  өтө узак тарыхы бар. Эгемендүүлүк  алгандан тартып,  90 -жылдардан  баштап, жерлер басып алынган жылдар, анын ичине революциялык толкундар кирет. Ал жерлерге эл отурукташып, болгон мүмкүнчүлүгүн жушаган. Мамлекет бул маселелерге көңүл бурбаганын эске алганда, бул үйлөрдүн баарынын абалы начар болгон «, — дейт эксперт.

Ал белгилегендей, адамдар документтери жок үйлөрдө жашашкан жана бул алардын күнүмдүк жашоосуна таасир эткен чоң көйгөй.

— Алар каттоодон өтө алышпайт эле, мамлекеттик энергокомпаниялар аларды электр энергиясы менен камсыз кыла албагандыктан, дайыма жарык менен көйгөйлөр болуп келген. Эми, бул мыйзам менен, жарандарыбыздын жашоосу абдан жеңилдеди, — дейт Жумагулов.

Саясат таануучу бул мыйзамдын  бардык артыкчылыктарын санап өттү.

— Бул мыйзам биздин жарандардын жашоосун кыйла жеңилдетет, анткени алар туруктуу жашоого  уруксат кагазын алышат. Бул бир. Ошол кагаз менен алар жашаган жери боюнча шайлоого добуш бере алышат. Бул экинчиси. Үчүнчүдөн, жашоочулар  өздөрү тандоосуна карай жеке энергетикалык компания менен  же мамлекет менен иштеше алышат. Жалпысынан алганда, мыйзам биздин жарандардын жашоосуна оң жана пайдалуу таасирин тийгизет, деп эсептейт серепчи.

Эксперт ошондой эле экономикалык кризистин шартында «Жер тилкелерин берүү (трансформациялоо) жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган мыйзам калктын социалдык жактан аялуу катмарынын жашоосун коргоого жана жеңилдетүүгө багытталганын белгиледи. Бул жер тилкелеринин ээлери айыл чарба чыгымдарын жана жоготулган пайданы төлөшү керек болгон.