Талибандын аскерлери президенттик сарайга киришти. Бул тууралуу «Рейтер» агенттиги жазды.

Социалдык тармактарда талибдердин сарайдагы сүрөттөрү пайда болду.

Кабулдагы Америка элчилигинин сайтында Кабул аэропортунда өрт чыкканы кабарланды.

«Биз бардык америкалык жарандарга баш калкалоого буйрук берүүдөбүз», — деп билдирди АКШнын Ооганстандагы дипломатиялык өкүлчүлүгү.

АКШ элчилигин Кабул аэропортуна көчүрдү. Француз дипломаттары да ошол жерде.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги, “Кыргыз өлкөсүнүн Кабулдагы элчилиги адаттагыдай ишин улантууда. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана элчилик Ооганстандагы убактылуу жүргөн Кыргыз жарандары менен үзгүлтүксүз байланышта болуп, алардын коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле өз мекенине эвакуациялоо үчүн бардык аракеттерди көрүүдө”, – деп  билдирди.