Соңку сутка ичинде Кыргызстанда коронавирус 237 кишиден аныкталып, 5 бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Бишкек – 120;
Ош шаары – 4;
Чүй облусу – 37;
Ош облусу – 1;
Талас облусу – 7;
Ысык-Көл облусу – 39;
Жалал-Абад облусу – 11;
Баткен облусу – 18.
Ушуну менен өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 172 327ге жетти. Анын ичинен 163 249 адам дартты жеңген.
Соңку суткада беш адам каза болуп, 2020-жылдын март айынан бери, оору 2 451 адамдын өмүрүн алды. Азыркы тапта стационарда 2 101, ал эми амбулатордук шартта 3 112 адам дарыланып жатканы айтылды.