Бүгүн, 16-августта Бишкек шаарындагы АКШ элчилигинин алдында митинг өтүүдө. Чогулгандар Нью-Йорк эл аралык сотунан «Центерранын» «Кумтөр Голд Компани» компаниясын банкрот деп жарыялоо жөнүндө өтүнүчүн четке кагууну талап кылып жатышат.

Митингге  болжол менен 50дөй адам катышууда. Алардын бири Канышай Рысбаева Нью-Йорк эл аралык сотунун «Центерранын» өтүнүчүн караган отуруму эртең, 17-августта болорун айтты.

«Центерра» 20 жылдан бери мыйзам бузуу менен иштеп келет. Эки мөңгү: Лысый жана Давыдов талкаланды. Ошондой эле мөңгүлөргө калдыктарды топтоп келишкен. Андан тышкары Нарын дарыясы булганууда», — дейт Рысбаева.

Ал 2009-жылдан бери «Кумтөр Голд Компани» тарабынан бир катар салыктар төлөнбөгөнүн кошумчалады.

«Нью-Йорк эл аралык соту бизге көңүл буруп, «Центерранын» мыйзам бузууларын эске алсын деп чыктык. Сот Кыргызстандын пайдасына чечим чыгарат деп күтөбүз», — деген пикирин айтат Рысбаева.