Кыргызстан Ооганстанга гуманитардык жардам катары 500 студенттик виза бергенге даяр. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев айтканын мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

—“Кыргызстанды өзгөчө тынчсыздандарган нерсе – ооган жаштарынын, айрыкча аялдардын тагдыры. Алар кыргыз жаштары сыяктуу заманбап билим алууга, жаңы технологияларды өздөштүрүүгө жана өз мекенинин жыргалчылыгы үчүн иштөөгө талап кылынган кесиптерге ээ болууга умтулушат.

Биз өлкөнүн экономикалык жашоосу шал болуп, миңдеген үй-бүлөлөр үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болуп жаткан куралдуу саясий тирешүү шартында, сапаттуу билим алуу мүмкүн эмес экенин жакшы түшүнөбүз”, — деп айтылат Ташиевдин билдирүүсүндө.

Кыргызстанда окууну каалаган ооган студенттери Кыргызстанга келүү, турак-жай табуу, окуган университетин тандоо иштерин өз алдынча чечиши зарыл.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Ооганстандагы “Талибан” кыймылы жапкан университеттердин студенттерине, ооган жаштарына студенттик виза берүүнү сунуштаган.