Өткөн жекшембиде Ооганстандан кеткен президент Ашраф Гани Дүйшөмбүдө бир аз жүргөндөн кийин Оманга учуп кеткенин Интерфакс «Озоди» радиосуна таянуу менен билдирди.

Маалыматка ылайык, Тажикстандын авиация бийлиги Өзбекстан, Түркмөнстан жана Ирандын жетекчилиги менен Ашраф Ганинин учагынын бул өлкөлөрдүн аймагы аркылуу учушун координациялаган, деп маалымдайт бул маалымат булактары.

Кошумчалай кетсек, “Озоди” радиосу Ооганстандын Улуттук Ислам Кыймылынын төрагасы, маршал Абдурашид Достумдун кызы Рохила Достумдун, бир күн мурун Фейсбукка жазганына караганда, Ганинин учагы Дүйшөмбүнүн үстүндө бир канча убакыт айланып, андан кийин Оманга багыт алган.

Буга чейин Kabul News телеканалы Гани Оманга кеткенин да жазган.

Дүйшөмбү күнү Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Гани республикага дем алыш күндөрү келди деген маалыматты четке каккан.