Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 16-августта, Абу-Дабинин мураскер ханзаадасы, Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) Куралдуу күчтөрүнүн Башкы колбашчысынын орун басары, шейх Мухаммед бин Заид Аль Нахаян менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлады.

Өлкөлөр ортосундагы соода-экономика жана инвестиция чөйрөлөрүндөгү кызматташтыкты өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери, ошондой эле коронавирус инфекциясынын жайылышы жана илдетке каршы күрөшүү боюнча биргелешкен чаралар талкууланды.

Мамлекет башчысы эки өлкөнүн ортосундагы саясий кызматташтык туруктуу деңгээлде өнүгүп жатканын баса белгилеп, Кыргызстан БАЭ менен ачык пикир алмашууга жана жогорку деңгээлде диалогду жандандырууга кызыкдар экенин белгиледи.

Ал Кыргызстандын БАЭ менен экономикалык жана инвестициялык мамилелерди чыңдоого чоң маани берерине токтолуп, бул багыттагы өз ара алакалар тереңдерине бекем ишенимин билдирди.

Президент Садыр Жапаров мураскер ханзааданы эки тараптуу мамилелерди жаңы деңгээлге көтөрүү жана өлкөлөр ортосундагы достук мамилени чыңдоо максатында Кыргызстанга расмий сапар менен келип-кетүүгө чакырды.

Шейх Мохаммед бин Заид Аль Нахаян Садыр Жапаровдун чакыруусун кабыл алуу менен өз кезегинде аны да БАЭге сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Мохаммед бин Заид Аль Нахаян жакын арада соода -экономикалык байланыштарды жолго коюу жана кыргыз тараптын инвестициялык долбоорлору менен таанышуу максатында Кыргызстанга Өкмөттүн ишкерлик боюнча делегациясын жиберерин айтты.

Телефон аркылуу сүйлөшүүнүн жыйынтыгында Президент Садыр Жапаров шейх Мухаммед бин Заид Аль Нахаянга чың ден соолук, мамлекеттик ишмердигине ийгиликтерди, ал эми бир тууган БАЭ элине өсүп-өнүгүү каалады.