Балалык баёо сезим, бактылуу жаңырган күлкүлөр, атаңдын мойнуна асылып кайгы эмне экенин билбей өскөн адамдарга суктанам. Алар жашоодогу эң бактылуу жандар. Жашоого болгон көз караш, алдыга үмүт менен кең келечекке умтулуу да дал ушул күндөрдөн башталат тура. Мындай күндөр мен үчүн  кыял гана болуп кала берген.

5-класста окуп жатканда атам менен апам мага түшүнүксүз себептер менен таарынышып эки башка жолго түшкөн. Алгач атам келип абалымды сурап, анчы-мынча акча берип, бетимен сүйүп белегин берип жүрдү. Үйлөнгөн соң көп келбей калды. Атам башкага баш кошкон соң апам да бир байке менен таанышып, экөө дайыма чогуу жүрө турган. Таенем апама капа болуп, «кызыңды эле чоңойтуп, карасаң боло, эртең ушул кыздын колуна каласың» деп көп айтчу.

Мен 7-классты бүтүргөн жылы апам ошол байкеге баш кошту. Башында келип турушту. Кийинчерээк алар да көп келбей калышты. Таенем мага көп айта турган, «жашоодо тың бол, өзүң үчүн жаша балам, сен өзүңө өзүң керексиң» деп. Таенем каза богон соң апам мени интернатка берди. Ошол жактан окуп, ошол жакта жашап калдым. Апам бир эки ирет келип эле келбей калды. Алгач апамды сагынып, жолун карап түнү ыйлап күн өтүп жатты. Апама болгон сагыныч күн өткөн сайын таарынычка айланып, жанагы апамдын күйөөсүн жек көрүп кызганыч сезим күчөп баштады.

Интернатта бизге сабак берген эже бар, аты Надира. Эже турмушка чыгып балалуу боло албай, ажырашып кеткен соң биздин интернатта балдарга сабак берип иштечү. Ошол эже мага көп жардам берди. Сабактан эле эмес, апамдан артык акыл кеңешин айтып, тарбия берип карап жүрдү. Кээде:

— Аттиң менин сендей кызым болсо, эрге тийбей эле карайт элем, — деп көп өкүнө турган.

Билинбей убакыт өтүп мектепти аяктап, интернаттан кете турган күн жакындаганда апамды келет чыгар деп кайра күттүм. Апам келди, бирок «алып кетем» деген жок.

— Курбу кыздарың менен батирге чыгып, жумуш караштырасыңбы, — дегенге гана жарады.

Унчукпадым. Капаландым. Надира эже капа экенимди байкап:

— Эмне болдуң? Кайгырба сен макул болсоң меникинде жашап, окусаң кантет. Жакшы окуйсуң мен тааныштар менен сүйлөшүп бюджетке аракет кылалы. Азыр билим албасаң келечекте көп кыйналысың, —  деп окууга өткөрдү.

Студенттик жашоо башталды. Барды жокту, ачты токту көрдүм. Сабактан кийин сендвич жасаган цехте иштеп жүрдүм. Түнү менен уктабай жумуртка тизип чыгабыз, бизден кийинки кыздар колбаса тизет, кийинкилер бадыраң. Ошентип алгачкы айлыгымды алып Надира эжеге таттууларды алып үйгө келдим. Аябай кубандым. Эже да ыраазы болуп калды. Чай үстүнөн:

— Бүгүн апаңа жолуктум. Жүдөп калыптыр. Жолдошу башкага үйлөнүп, апаңды таштап кетиптир. Балким апаңды жаныңа алаарсың. Кантсе да сени ааламга алып келген адам ошол аял, — деди.

Ойлонуп көрдүм. Жүрөгүм жылыбай койду. Бир эркекти тандап, мени таштаган, жолун каратып, кучагына зар кылган адамга жибий албай койдум. Надира  эжеге карап:

— Жок! Менин апам сиз. Менде андай эркек үчүн баладан баш тарткан апам жок, — деп үнүм кыргылданып ыйлап жибердим.

Надира эже унчукпады.

— Ыйлап ал… жеңилдейсиң. Акылдуу жансың бир чечимге келерсиң, — деп койду.

Арадан убакыт өтүп, мен окуумду аяктап иштеп баштадым. Ар убак жанымда Надира эже болду жөлөп таяп жардам берген. Надира эже бир күнү жумуштар менен карылар үйүнө барса апам ошол жерде жүрүптүр. Бул кабар мага жаңылык деле болгон жок. Болгону, жашоодо кимге кандай мамиле кылсаң ал сага сөзсүз кайра келерине ынандым. Бумеранг деген ушул экен. Бир кезде апама зар болуп жүрсөм, эми апам мага зар болуп, жолумду карап күтүп жүрөт. Бирок мен кек албайм. Бир аз иштеп, үй алсам, апамды алып келем. Болгону азыр өткөн өтмүшүнөн, кетирген катасынан сабак алсын деп жатам. Баланын энеге зар болгону  эң оор, эң татаал сезим, ошону жон тери менен сезсин…

Жазгүл Баяналиева