Каракол ШИИБдин нөөмөт кызматына Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынан, жашы болжол менен 40-45 түзгөн европа улутундагы адам денесинен залака алып түшкөндүгүн жана ээсине келбей каза болгондугу жөнүндө маалымат түшкөн.

Аталган маалымат Каракол ШИИБдин КЖБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 138-беренесинин 3- бөлүгүнүн 1-пункту (Этиятсыздыктан киши өлтүрүүгө алып келген ден соолукка оор зыян келтирүү) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган жана соттук медициналык экспертиза дайындалган. Анын корутундусу, ден соолукка оор зыян келтирүүдөн каза болгондугу тастыктады.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында, каза болгон адамдын өздүгү аныкталган. Ал Каракол шаарынын 43 жаштагы тургуну болуп чыкты. Андан аркы иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү адам да аныкталды. Ал, каза болгон адамдын кайниси 30 жаштагы А.Ф. болуп чыкты жана алгачкы суракта өзүнүн күнөөсүн толугу менен мойнуна алды.

Анын айтымында, кечке жуук дүкөнгө кирип, ал жерден жездесин  жолуктурган. Дүкөндөн спирт ичимдиктерин сатып алышып, аны тыштан ичишет. Кызып калганда, алардын ортосунда уруш чыгып кеткендиктен, жездесин сабап,

кетип калгандыгын билдирген.

Шектүү жаранга карата шаардык соттун чечими менен камакка алуу баш коргоо чарасы кабыл алынган. Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө амалдары уланууда.