Кабул аэропортунан учкандан кийин америкалык С-17 аскердик транспорттук учагынын шассисинен кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу «Politico» порталы жазып чыкты.

RT жарыялаган сүрөттө адамдын буттары учактын терезесинен көрүнүп турат. Болжолдуу түрдө, жабырлануучу талибдер (Талибан кыймылы, бир топ өлкөлөрдө тыюу салынган) өлкөнү басып алгандан соң Ооганстандан качуу үчүн өзүн шассиге байлап койгон.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын билдирүүсүнө ылайык, борт «убактылуу бузук» деп табылган, ошондуктан учкучтар «үчүнчү өлкөгө» конууга аргасыз болушкан. Конгондон көп өтпөй калдыктар табылды.

Конууга аргасыз болгон учак, лайнер абага көтөрүлгөндө эки объект кулап түшкөн учакпы же жокпу азырынча белгисиз.

Ал эми социалдык тармактын колдонуучулары алар учактын сыртында кала албаган жана кырсыкка кабылган афган жарандары экенин айтышкан. Жалпысынан жети киши ушундай шартта каза болгону белгилүү болду.

‘Human remains’ found inside landing gear of C-17 jet leaving Kabul as shock video appears to show body clamped by wheel well door