Кыргызстанда коронавируска каршы вакцина алып каза болгон бир дагы учур катталган жок. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө калкты жапырт эмдөө жүрүүдө.

“Вакцина алып каза болгон адам тууралуу учур тастыкталган жок. Анын өпкөсүнөн коронавирус инфекциясынын белгилери табылды. Учурда анын ички организминин гистологиялык анализдеринин жообун күтүп жатабыз. Ошондой эле, Ала-Буктагы аскер кызматкерлеринин баш оорусу, дене табынын көтөрүлүшү, алсыздык сыяктуу терс таасирлеринин массалык түрдө көрүнүшү тынчсызданууну пайда кылды. Министрлик бул жагдайды көңүлгө алып, окуя болгон жерге комиссия жөнөткөн. Эртеси күнү жоокерлерде бардык белгилер жок болгонун аныкталды”, — деди ал.