Бишкектеги «Сары-Өзөн» (Дыйкан) базары толугу менен мамлекеттин карамагына өттү. Бул тууралуу «Кабар» агенттигиндеги маалымат жыйынында Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы билдирди.
Анын айтымында, Жогорку соттун чечими «Сары-Өзөндүн» 3 миң гектар жери жана активдери мамлекетке өттү.
«Учурда инвентаризация процедурасы жүрүүдө. Алдыда базардагы бардык төлөмдөр республикалык бюджетке түшүп турат», — дейт ал.
Бүгүнкү күндө сотто каралып жаткан дагы башка объектилер бар экендигин айтып, соттун чечими менен сөз кайсы мекемелер тууралуу болуп жатканын билүүгө болорун белгиледи.