Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата ордо калаада КМШнын жаштар симфониялык оркестринин концерти өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Билдирмеге караганда, концерт 30-31-августта Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында болот.

«Маданий иш-чарада дүйнөлүк музыкалык классиктердин чыгармаларынан тарта, ата мекендик алдыңкы чыгармалар жаңырат. Концерт КМШ өлкөлөрүнүн таланттуу жаштарынын профессионалдык жана жеке пикир алышуусун өнүктүрүүгө багытталган», — деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, КМШнын Жаштар симфониялык оркестри Гуманитардык кызматташтык кеңешинин жана КМШга мүчө мамлекеттердин Мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташтык фонду тарабынан түзүлгөн. Оркестр КМШ жана Грузия өлкөлөрүнүн таланттуу жаш музыканттарынан турат.