Баткен районунун Тажик Республикасы менен чектешкен айылдарында эки мамлекеттин биргелешип түзүлгөн кайгуулдары жүргүзүлө башталды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматынан кабарлады.

Чек аралаш аймактарда жашаган жарандардын коопсуздугун сактоо, ошондой эле эки элдин арасындагы чагымчыл күчтөргө бөгөт коюу, жоосунсуз жоруктарды жөнгө салуу, мыйзамсыз иш-аракеттерди болтурбоо максатында Баткен ОИИБнын начальниги милициянын полковниги Мурат Боронов жана Согди ОИИБнын начальниги милициянын генерал-майору  Абдулло Навджувонов жолугуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жыйынтыгында эки өлкөнүн милиция кызматкерлеринин кайгуул күзөттөрү уюшулду.

17-август күнү Баткен РИИБнин жана Исфара-2 РИИБнин кызматкерлери биргеликте маршруттарга бөлүнүп, Көк-Таш айылындагы Дахма, Майский, Соманион участкаларында, Таш-Тумшук айылы менен чектешкен Хожо-Альо участкаларында, Ворух айылынын Тожиком, Ак-Сай айылындагы Бакай участкасындагы жергиликтүү тургундарга эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, эки элдин ортосунда ар кандай пикир келишпөөчүлүктөрдүн жана улуттар аралык чыр-чатактардын алдын алуу, болтурбоо максатында милиция кызматкерлери профилактикалык иштерди жүргүзүүдө.

Жаш өспүрүмдөр арасында да пикир келишпөөчүлүк болуп калса, эки жаат болбой, ошол жерде иш алып барып жүргөн милиция кызматкерлерине кайрылуу керектигин, ал эми чоң кишилер бири-бири менен сылык мамиледе болууга чакырып, чагымчыл аракеттерге эки элде тең мыйзам негизинде жооп берилери эскертилди. Ошондой эле айыл ичтериндеги унааларга ыңгайсыздык жараткан таш-кумдарды тазалап, эки эл ортосунда коомдук тартипти сактоо негизги талап экендиги белгиленди.

Бул иш-чара мындан ары күн сайын уланат.