Кыргызстанда COVID-19дун «альфа» (Улуу Британия) жана «бета» (Түштүк Африка) варианттары аныкталды. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) Кыргызстандагы кеңсесинин жетекчиси Назира Артыкова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, ушул жылдын апрель айында Кыргызстанда В.1.1.7 (альфа) вариантынын штаммы табылган, ал эми июнда В.1.351 (бета) варианты табылып, чоң тынчсызданууну жаратууда.

“Бүгүнкү күнгө карата 849 миң 576 адам эмдөөдөн өтүп, алардын 8,8%ы вакцинанын биринчи дозасын, 3,9%ы экинчи дозасын алган. Ошол эле учурда эмдөөнүн темпи мурунку жумага салыштырмалуу 40,9%га төмөндөп, чоң өкүнүчтү жаратууда. ДССУнун максаты — сентябрга чейин ар бир өлкөнүн калкынын 10%дан кем эмес, жылдын аягына чейин 40%дан кем эмес, эмдиги жылдын ортосуна чейин дүйнө жүзүнүн 70%ы эмдөөдөн өткөрүү”, — дейт ал.

Артыкова кошумчалагандай, үстүбүздөгү жылдын август айына карата дүйнөдө 206 миллиондон ашык COVID-19 учуру катталган, анын ичинде 4 миллион 530 миңден ашуун адам өлүмгө учураган.