Россиянын Тергөө комитети Москванын жанындагы Мытищиде Кыргызстандын жаранын өлтүрүүгө шектүүнү кармады. Бул тууралуу «Вечерний Москва» гезити жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, кылмыш 6 -августка караган түнү болгон. Айыпталуучу кызга кол салып, сумкасын тартып алууга аракет кылган.

Кыз каршылык көрсөткөндө  кол салган адам бычак алып чыгып, анын далысына тогуз жолу сайган. Ал алган жаракатынан улам ошол жерден каза болгон.

Кылмышкер 46 жаштагы киши болгон, ал күнөөсүн мойнуна алган.

Кармалган адамга карата «Киши өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Басылманын маалыматы боюнча, 19 жаштагы кыргыз жараны Россияга 2020-жылы келген. Каргашалуу күнү ал англис тили курсунан чыгып үйүнө кайтып келе жаткан.