Кыргыз Улуттук классикалык күрөш федерациясы Баткен облусунда биринчи жолу республикалык деңгээлде, жети дубандын өкүлдөрүнүн катышуусунда күрөш өткөрөт. Бул тууралуу Улуттук классикалык күрөш федерациясынын президенти Доорбай Миңбаев  билдирди.

Маалыматка ылайык, күрөш 31-август Эгемендүүлүк күнүнө карата Лейлек районундагы Исфана шаарынын стадионунда атактуу палван, маркум Абдырахман Момуновдун жаркын элесине арналып уюштурулган. Байге фонду 300 000 сом.

 

Аталган мелдештин максаты Баткен облусунун Тажикстан менен чек аралаш аймактарында жашаган элибизге кыргыздын каада-салтында болуп келген күрөш мелдешин тартуулап, жаштарды мекенчилдикке чакырып, сергек жашоо образына үгүттөө болуп саналат.

Эске салсак, Лейлек районунда Улуу Ата Мекендик согуштун Баатыры Самат Садыковдун жаркын элесине арнап байгелүү күрөш мелдешин өткөрүп келет. Акыркы 10 жылда жыл сайын 25-октябрда кыргыз Эл Баатыры, мамлекеттик жана саясый  ишмер, улуу инсан Исхак Раззаковдун жаркын элесине арнап Кыргыз Республикасынын күрөш чемпионаты өткөрүлүп келе жатат.