Бүгүн, 18-август күнү Кадамжай районунун аймагында «Өспүрүм» аталышындагы иш-чаранын жүрүшүндө мектеп окуучуларынын жаңы окуу жылына карата даярдыктары боюнча текшерүүлөр жүрүп, анын жыйынтыгында, аз камсыз болгон 5 үй-бүлө аныкталды. Бул боюнча тиешелүү маалыматтар чогултулуп, социалдык камсыздоо бөлүмдөрүнө сунуштар жөнөтүлдү.

Кадамжай РИИБнүн жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан демилге көтөрүлүп, турмуш-шарты оор, аз камсыз болгон 2 үй-бүлөнүн балдарына мектеп кийимдери, окуу куралдары алынып берилди.

“Кайрымдуу иштер жакшылыкка жетелейт” дегендей бул саамалык облустун башка аймактарында да жүргүзүлөт.

Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы