БААУнун мурдагы президенти Эндрю Кучинс кечээ, 17 -августта Кыргызстандан депортацияланганын 24.kg маалымат агенттиги укук коргоо органдарындагы булагына таянуу менен билдирди.

Маалым болгондой, экс-ректор 17-августта саат 06: 00дө Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин коштоосунда өлкөдөн чыгып кеткен.

Эске салсак, ушул жылдын 23 – апрелинде Эндрю Качинс ИИМге суракка чакырылып, кийин ага карата Кылмыш кодексинин 268-беренеси менен («Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатпоо максатында мыйзамсыз даярдоо») шектүү экени тууралуу кабар берилип, тил кат менен бошотулган.