Бүгүн, 18 –август күнү “Дыйкан” базарынын ачылышы болуп өттү.

Иш-чарага  “Кыргыз темир жолу” УК” Мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги, келечектеги сатуучулар-ижарачылар катышты.

“Дыйкан” базары айыл чарба продуктыларын жана азык -түлүк товарларын дүң жана чекене сатууга арналган. Базарда  товарларды сактоочу кампа, контейнерлерди камтыйт.

Соода-сатык ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн тилкелер, оор жүк ташуучу жана жеңил автоунаалар кирүүчү жайлар бар.

Айыл чарба продукцияларынын сапатына санитардык көзөмөл тиешелүү мамлекеттик кызматтар тарабынан жүргүзүлөт. Объектинин жалпы коопсуздугу, өрт коопсуздугу, таштандыны чыгаруу жана территорияны санитардык тазалоого, суу, электр энергиясы менен камсыздоону ишкананын структуралык бөлүмдөрү жана филиалдары ишке ашырат.

“Кыргыз темир жолу”УК” МИ соода орундарын берүү менен соода жана рыноктук кызматтарды көрсөтүү боюнча иш -чараларды өз алдынча жүргүзөт.