Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеешчиси Фарид Ниязовдун жалпыга маалымдоо каражаттарына жасаган кайрылуусуна жооп кылды. Анда Ниязовдун УКМКны жана ИИМди айыптоо аракети жана ошондой эле өзүн күнөөсүз «жабырлануучу» катары көрсөтүүсүнө карата төмөнкүлөрдү билдирүүнү зарыл деп эсептейт.

«Фарид Ниязов бир катар кылмыштарды жасаган деп айыпталган адам катары абакта жатып, массалык маалымат каражаттары аркылуу дайыма маалыматтык четтөөлөрдү жасап келет. Бул жолу да ал «абийир туткуну» менен «саясий туткундун» көрүнүшүн берүү аракетин жасоодо. Коомчулукка белгилүү болгондой, тергөө органдары Ниязовго бийликте турган мезгилде мамлекеттин жана коомдун кызыкчылыгына зыян келтирген мыйзамсыз аракеттери үчүн Кылмыш кодексинин бир нече беренелери боюнча айып тагылган. Азыркы учурда ал камакта. Ошондой эле тергөө органдары тарабынан чет өлкөлүктөргө Кыргыз жарандарынын паспортун мыйзамсыз берүү фактыларына Фарид Ниязовдун катыштыгы боюнча кылмыш иши тергелип жатат. Бул иш аяктоо стадиясында жана сотко өткөрүлүп берилди, анын жыйынтыгында Ниязовдго тиешелүү юридикалык баа берилмекчи.

Буга байланыштуу УКМК президенттик аппараттын мурдагы жетекчисине негизсиз айыптоолордун ордуна, мурдагы ишмердүүлүгүн аркасы менен кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгын талдоосуна кеңеш берет. Жеке көйгөйлөрүнүн башаты анын адилеттүүлүккө жетпестигин айтат. Анын бүгүнкү абалына өзүнүн мыйзамсыз ишмердүүлүгү, болгондо да кылмыш жоопкерчилиги каралган бир катар эпизоддордогу аракеттери негиз болууда», — дешти мекеменин басма сөз кызматынан.