Соңку суткада өлкөдө 249 адамдын коронавирус аныкталып, 6 бейтап каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Аймактар боюнча алганда, коронавирус Бишкек шаарында — 84, Ош шаарында — 3, Чүй облусунда — 77, Ош облусунда — 3, Талас облусунда — 13, Нарын облусунда — 12, Ысык-Көл облусунда — 26, Жалал-Абад облусунда — 15, Баткен облусунда — 16 кишиден табылган.

Ошол эле учурда 498 бейтап коронавирустан айыгып чыккан.

Бир күн ичинде коронавирустан 6 адам каза болгон.

Бүгүнкү күнү өлкөнүн ооруканаларында 1 миң 744 адам, ал эми амбулатордук түрдө 2 миң 714 бейтап дарыланууда.

Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирус жуктурган жалпы 173 миң 186 учур катталды. Анын ичинен 164 миң 842 адам оорудан айыгып чыкты, 2 миң 468 бейтап каза болду.