Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев АКШнын Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Алан Мельцерди жана АКШнын Кыргызстандагы миссиясынын башчысынын орун басары Соната Култерди кабыл алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдирди.

Жолугушууда Казакбаев Америка тарапка Казакстан менен биргеликте 15 кыргыз жаранын Ооганстандан эвакуация кылууга көмөк көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирген. Ошондой эле ал Сирия менен Ирактагы Кыргызстандын жарандарын – аял жана балдарды биргелешип эвакуакция кылуу маселесин айткан.

Казакбаев Кыргызстан ооганстандык жаштарга Кыргызстанда билим алуусу үчүн 500 студентке виза берүүгө даяр экенин белгилеген. Андан тышкары, кырдаалдын турукташканына жараша Кыргызстан Ооганстанга азык-түлүк түрүндө гуманитардык жардам жөнөтөрүн белгилеген.

Америка тарап Кыргызстандын ооган жаштарына студенттик виза берүү ниетин колдоп, 150 ооган студентинин Борбор Азиядагы Америка университетинде окуусун төлөп берүүгө даяр экенин билдирген.

Жолугушуунун жүрүшүндө кызматташуу жөнүндө негизги келишимдин долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү, ошнодой эле эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун башка артыкчылыктуу багыттары талкууланган.