Бишкектин Ак-Ордо конушунда мектеп менен бала бакча салына баштады. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, мэрдин милдетин аткаруучу Айбек Жунушалиев капсула салуу аземине катышып, курулуш иштерин убагында бүтүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Тагай-Бий — Садыр аке көчөлөрүндө жайгаша турган мектеп үч кабаттуу болуп, 750 орунга ылайыкташмакчы. Ал эми бала бакча эки кабаттуу болуп, 280 бөбөктү кабыл ала алат.