Калкты тейлөөчү эки борбордо, ошондой эле «Кыргыз почтасы» МИнин филиалында («Бишкек почтасы» филиалы) убактылуу эмдөө пункттары иштейт. Бул тууралуу КРнын санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, эмдөө пунктары №3 Калкты тейлөө борборунда (Жаш гвардия бульвары, 4), №4 КТБ (Жибек жолу көчөсү, 381), ошондой эле Бишкек почтасында (Чүй проспектиси, 96) ачылды.

Баткен облусунда да, Салихов көчөсү, 33/1 дарегиндеги Калкты тейлөө борборунда эмдөө пункту ачылды. Бул пункттардан каалаган адам эмдөөдөн өтө алат. Паспортуңуздун жанында болушу маанилүү. Эмдөө бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен бекер жүргүзүлөт.