2021-жылдын жети айында Кыргызстанда 3982 жол кырсыгы катталып, 394 адам көз жумду. Бул тууралуу маалымат жыйынында Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын патрулдук кызматынын жетекчисинин орун басары Манас Сыдыгалиев билдирди.

Анын айтымында, былтыркыга салыштырмалуу жол кырсыгы 36% көбөйгөн, анын ичинен каза болгондор 21%, жаракат алгандар 38% түзөт. 5954 киши кырсыктан ар кандай жаракат алган.

Расмий маалыматка ылайык, 2020-жылы Кыргызстанда 6 миңден ашуун жол кырсыгы катталып, 760 киши мерт болгон.