6407999 05.12.2020 Медработник демонстрирует "компонент 1" вакцины от коронавируса "Спутник V" в прививочном пункте городской поликлиники No 191, головного учреждения амбулаторного центра ГБУЗ "ГП No 191 Департамента здравоохранения г. Москвы". Гам-КОВИД-Вак - торговая марка "Спутник V" - двухкомпонентная векторная вакцина против COVID-19. Илья Питалев / РИА Новости

Кыргызстанда билим берүү тармагында иштегендердин 39,41%, же 60 миңден ашык кызматкер коронавируска каршы эмдөөдөн өттү.Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Анын айтымында, окуу жылын салттуу ыкмада (оффлайн) баштоо үчүн дагы педагогдордун дагы 30%и эмдөөдөн өтүшү керек.

Мектепке чейинки уюмдарда иштеген кызматкерлер 92,7%, мугалим жана мектеп тарбиячылар 51,9%, баштапкы кесиптик билим берүүдөгү педагогдор 59,4%, орто жана атайын билим берүүчүлөр 41,3%, жогорку окуу жайда иштегендер 32,6% эмделди.

Кыргызстанда жалпы 150 миңден ашуун адам агартуу жаатында эмгектенет.

Кыргызстанда COVID-19 вирусуна каршы эмдөө өнөктүгү март айынын аягында башталган.

Жалпы эмделгендер 900 миңден ашты. Өлкөдө Кытайдын Sinopharm, Орусиянын «Спутник V», COVAX программасы менен келген Европанын AstraZeneca вакцинасы менен эмдөө жүрүүдө.