Кыргыз өлкөсүнө Армения Республикасынын премьер-министри Никол Пашинян келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Никол Пашинян Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн келген.
Эске салсак, 19-20-августта Чолпон-Ата шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. Кеңешменин жүрүшүндө интеграциялык биримдиктин алкагындагы бир катар актуалдуу маселелер каралмакчы.