Жалал-Абад шаарында «Тилемчи» рейдинин жүрүшүндө кайыр сурап жүргөн 43 адам ижарага алынган бир үйдө жашап келгендиги аныкталды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, 43 кайырчынын ичинен 24ү Өзбекстандын Бухара жана Кашка-Дарыя облустарынан келген. 19у Ош облусунун Кара-Суу районунан келген лөлүлөр экендиги такталды.

«Коомдук жайларда кайыр сурап жүргөндөрдүн улуусу 70 жаштагы карыя, кичүүсү 18 жашта. Алардын арасында майыптары да болгон. Кайыр сурагандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, туруктуу жашаган аймактарына жиберилди», — деп айтылат маалыматта.

Рейдди шаардык мэрия кызматкерлери менен социалдык адистер жүргүзгөн.