Алкоголдук жана тамеки продукцияларына милдеттүү түрдө маркалоо киргизилген учурдан тартып 2021-жылдын 1-августуна карата санариптик идентификациялоо каражаттары менен 16 млн 941 миң маркалоо коду берилген. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы кабарлады.

Алсак, тамеки продукциясына — 16 млн 350 миң код, ал эми алкоголдук продукцияга — 590 миң 249 код берилген.

Ошондой эле, “Товарларды маркалоо” АМТсына 7 тамеки буюмдарын импорттоочу, ошондой эле 8 алкоголдук ичимдиктерди өндүрүүчү жана 11 импортоочу катталган жана маркалоо коддорун алышат.

Эске салсак, 2021-жылдын 1-июлунан тартып КРда милдеттүү маркалоого арак, ликер-арак ичимдиктери, күчтүү суусундуктар, күчтүү ширелер жана бальзамдар, шараптар, коньяктар (коньяк спиртинен башка), шуулдама шарап (шампанды кошкондо), алкоголу аз ичимдиктер, тамекилер (чыпкалуу жана чыпкасыз) жана тамеки менен ысытылуучу буюмдар (ысытылуучу тамеки таякчасы, тамекиси бар ысытылуучу капсула) милдеттүү түрдө маркалоого жатат.

Милдеттүү түрдө маркалоого тийиш болгон товарларга маркалоо коддорун өндүрүүчү же импорттоочу өзү алышы жана колдонушу керек.

Товарларды маркалоо – бул машинада окула турган формадагы белгилердин уникалдуу ырааттуулугу. Ал товарлардын ар бир бирдиги жөнүндө маалыматты камтыган дата-матрикс коду.

Маркалоону киргизүү өндүрүүчүдөн жана импорттоочудан тартып акыркы керектөөчүгө чейинки товардын бүт жолун көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет, ата мекендик бизнестин өнүгүүсүнө жагымдуу шарт түзөт, калкты сапатсыз товарлардын коргойт жана маркаланган товарларды Кыргызстандан ЕАЭБ өлкөлөрүнө тоскоолдуксуз жеткирүүнү камсыз кылат.

Кыргызстанда бул система «СМАРТ Салым» салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун алкагында ишке ашырылууда.