Ош облусунда 31-августта улуттук ат оюндары боюнча президенттин кубогу өткөрүлөт. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун башчысынын орун басары Данияр Жаныкулов эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата иш-чараларды өткөрүү боюнча даярдыкты текшерди.

31-август күнү Ош облусунда өткөрүлүүчү маданий жана спорттук иш-чаралардын тизмеси:

1. Төлөйкөн айылындагы ат майданында көк бөрү жана улуттук ат оюндары боюнча Ош облусунда алкачкы жолу президенттин кубогу өткөрүлөт. Башкы байгеге 4 автоунаа коюлган. Башталышы саат 11:30.

2. Ош облусунун район борборлорунда 30 жылдын ичинде социалдык-экономикалык өнүгүүсүн чагылдырган эмгекчилердин майрамдык жүрүшү. Айыл өкмөт мекеме-ишканалардын катышуусунда жүрөт.

3. Ош облусунун райондорунда кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөлөрү, китеп, сүрөт көргөзмөлөрү, театрлаштырылган оюн-зоок программалар жана майрамдык концерттер өткөрүлөт.

4. Ош облусунун райондорунда Улуттук спорттун түрлөрү боюнча мелдештер өткөрүлөт.

5. Ноокат районунда Түштүк аймагынын ардагер волейбол командаларынын достук беттеши өткөрүлөт.

6. С.Ибраимов атында ОУДТда “Кубат Бий” спектакль райондордо 10 күн көрсөтүлөт.

7. Баардык маданият мекемелеринде түрдүү улуттун катышуусунда майрамдык концерттер өткөрүлөт.

8. “Сулайман-Тоо” улуттук археологиялык музей комплексинде Кыргызстандын тарыхындагы урунттуу учурлар, өнүгүүгө салым кошкон тарыхый инсандар, архивдик материалдардан турган көргөзмө жасалат.

9. Алымбек Датканын 220 жылдыгына, Курманжан датканын 210 жылдыгына карата Алай районунда “Тоо Театрларынын” 1- фестифалы өткөрүлөт.