Сезим Жуманазарова жаштар арасындагы кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатында коло байге утту.

Сезим Жуманазарова 1/8 финалда Швециядан келген балбан кыз Нелли Анна Регина Флоретинди 4:4 эсебинде уткан. Бирок чейрек финалда италиялык балбан кыз Аурора Руссого 2:1 эсебинде жеңилип калган.

Аурора Руссо финалдык баскычка өткөнүнө байланыштуу Сезим көңүл жубатуучу беттеште күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алып, анда Шри-Ланканын балбан кызы Нетми Ахинса Фернандо Порутотэйжди 15:4 эсебинде уткан.

Коло үчүн болгон күрөштө Сезим Жуманазарова польшалык Патрисия Ева Стржельчикти 9:4 эсебинде жеңип алды.

Белгилей кетсек, Сезим Жуманазарова — Токиодогу Олимпиада оюндарында коло байге уткан Мээрим Жуманазарованын сиңдиси.

Эркин, грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпионаты Башкыртстандын борбору Уфа шаарында өтүүдө. 16-августта башталган чемпионат 22-августта жыйынтыкталат.