Көк бөрү боюнча президенттин кубогу мелдешине чет өлкөдөн келген командалар катышат
Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата Көк бөрү боюнча президенттин кубогу эл аралык мелдешине чет өлкөдөн келген командалар катышат. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясынын маалымат кызматы билдирди.
Сырттан келгендер мелдештин эл аралык лигасында ат салышат.
«Эл аралык лигага Өзбекстан, Воронеж-Чолпонбай (Россия), Алтай Республикасы (Россия) сыяктуу командалар катышат. Ага өлкөнүн биринчи лигасындагы Жети-Өгүз, Бакубат-Талас, Сокулук командалары киргизилген. Лигада чет өлкөдөн келгендер өзүнчө, Кыргызстандан чыккан командалар өзүнчө топто күч сынашып, эки топтун лидери финалда кез келет», — деп айтылат билдирүүдө.
Алар үчүн 25-августта чүчү кулак тартылат.
Аталган мелдешке АКШ, Афганистан, Башкыртстан, Тажикстан өлкөлөрүнүн жана Чита шаарынан командалар катышуу ниетин билдирген. Бирок учурдагы айрым саясий кырдаалга, эпидемиологиялык шартка ылайык мелдешке катыша албай калды.
Эскерте кетсек, 22-августта биринчи лиганын командаларына чүчү кулак кармалып, тайпалык оюндар 23-августта башталат.
Ал эми эл аралык жана жогорку лигада 25-августта атаандаштар аныкталып, 26сында мелдеш өтөт.