Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата 28-августта Жалал -Абад облусунун Ноокен районунда «Ноокен мистенин мекени» эл аралык фестивалы өтөт .  Бул тууралуу «Kadam-media.kg» маалымат порталына уюштуруучулар билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш -чара жергиликтүү өндүрүшчүлөрдүн, кол өнөрчү, дыйкандар катышкан жарманке, бизнес жана илимий форум, маданият тармагынын өкүлдөрү катышкан концерттик программа менен коштолот.Ага Иран, Россия, Түркия, Татарстан, Казакстан жана Өзбекстан мамлекеттеринин өкүлдөрү катышуу ниеттерин билдиришкен.

«Иш-чаранын негизги максаты — Ноокен мистесин эл аралык деңгээлде таанылышына жана жайылтышына шарт түзүү, айыл чарба жаатында инвестиция тартуу. Андан тышкары Ноокен мистесин экспорттоонун кирешелүү жолдорун табуу, дыйкан – фермерлердин тажрыйба алмашуусуна, жаңы технологияларга багыт алуусуна расмий аянтча түзүп берүү. Аймактагы туризмди өнүктүрүү жана мистени кайра иштетүүнүн жаңы жолдорун аныктоо. Ноокен мистесинин пайдалуу жактары, башка мамлекеттердин мистесинин айрымачылыктары боюнча илимий иштерди жазуу жана изилдөө, нукуралуугун сактоо», — деп билдирди иш-чаранын демилгечиси жана башкы уюштуруучусу — Ноокен райондук мамлекеттик администрациясы.

Белгилей кетсек, мисте — жаңгактардын адамзатына биринчи белгилүү болгон түрү. Аны 10 миңдеген жылдар мурун эле Сирияда жана Иранда өстүрүшчү. Кыргызстанда мисте Жалал-Абад облусунун аймагында өсөт.

Аймакта 33 миң гектардан ашык мисте токой бар. Алардын ичинен Ноокен районунун Кочкор-Ата токой чарбасында 11 миң гектар мисте аянты бар.

Мистенин курамында курамында пайдалуу заттар көп. Алар жүрөк-кан тамыр тутумунун иштешин жөнгө салып, өнөкөт чарчоону жазып адамга күч-кубат берет. Андагы В6 витамини, магний, калий, фосфор элементтери сөөктөрдүн бекем болушуна, кан тамырлардын нормалдуу иштешине өбөлгө түзөт.