Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-августта, Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Балыкчы-Барскоон тилкесиндеги оңдоп-түзөө иштери менен таанышты.
 
Мамлекет башчысына 2021–2025-жылдарда Балыкчы-Бөкөнбаев-Барскоон жол тилкесин реконструкциялоо боюнча иштерди жүргүзүү нөлдөн 141,7 чакырымга чейин пландалганын маалымдашты. Калк жайгашкан пункттарда жарыктандыруусу, бир жак бетинде жол бою веложолу менен жана эки тарабында жөө жүргүнчүлөр жолу бар, бөлүүчү чийиндери менен төрт тилкелүү жолду куруу пландалууда. 2021-жылы 25 км жол тилкесинде курулуш иштери жүрөт.
Долбоор «Кыргызалтын» ачык акционердик коому тарабынан каржыланат. Бүгүнкү күндө долбоор тилкеси боюнча нөлдөн 25-чакырымга чейинки аралыкта жер иштери кызуу жүрүүдө.
Өзгөчө белгилей кетүүчү нерсе, эгемендүү Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу долбоордун башкы подрядчысы ата мекендик компания — Кыргыз Республикасынын Жолчулар Ассоциациясы. Жол тармагында 30 жыл ичинде жергиликтүү компанияларга ири долбоорлорго катышууга мүмкүнчүлүк берилген бир дагы учур катталган эмес.
Садыр Жапаров бул долбоор ата мекендик компания үчүн өзүн жакшы көрсөтүп, мындан кийин мындан кем эмес маанилүү тилкелерди алууга мүмкүндүк берерин баса белгиледи.
Анын айтымында, заманбап австотрассаны куруу аймактагы экономиканын жана туристтик тармактын өнүгүүсүнө маанилүү салым кошот.
Мамлекет башчысы автоунаалардын үзгүлтүксүз, коопсуз жана ыңгайлуу кыймылын камсыздоо максатында бардык заманбап стандарттарга ылайык, талаптарга жооп бере турган кең тилкелүү жана сапаттуу жолду куруу зарылдыгына токтолду.
Өз кезегинде, ата мекендик компаниянын кызматкерлери бул маанилүү долбоорго катышып жатканына кубанычта болуп, сыймыктанаарын белгилешти. Иш башталгандан бери эч кандай көйгөй жаралган эмес. Андыктан, бардык курулуш иш-чаралары белгиленген мөөнөттөн кечикпей жүрүүдө.
Эске салсак, Садыр Жапаров ушул жылдын июнь айында «Кумтөр Голд Компани» ЖАКы алтын кенине барган учурда өлкөнүн Транспорт жана коммуникациялар министрлигине «Кумтөр Голд Компани» ЖАКы менен биргеликте Балыкчы — Барскоон автожолун куруу маселесин иштеп чыгууну тапшырган.