Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Э. Алиев атындагы Академиясында 35 жыл мурда аяктап кеткен курсанттардын жолугушуу иш-чарасы уюштурулду. Иш-чарага Академиянын начальниги Тариел Абитов жана ардагерлер кеңешинин төрагасы Төлөгөн Илимгазиев, ошондой эле 1986-жылы аталган окуу жайды бүтүп кеткен ИИМдин жана СССР учурунда Красноярск, Иркутск, Хабаровск, Ыраакы Чыгыш ж.б шаарларынын ички иштер башкармалыктарында иштеп кеткен ардагерлер катышты.

Жолугушуу учурунда Тариел Абитов ардагерлерге терең ыраазычылыгын билдирип, аларды 35 жылдык маарекеси менен куттуктап өттү. Ал эми ардагерлер аталган окуу жайды бирге аяктап, кийин каза болуп калган жолдошторун эскерүү менен иш-чараны баштап, “Өз колубуз менен салган Академиянын эшигин ачып, кучак жая жылуу тосуп алганыңыздар үчүн рахмат” –деп Академиянын жалпы жамаатына ыраазычылыктарын билдиришти.

Эске салсак бүгүнкү маарекенин ээлери ИИМдин Э. Алиев атындагы Академиясынын биринчи бүтүрүүчүлөрү болуп эсептелет. Алар 1984-жылы Академияга көчүп келгенден мурда милициянын генерал-майору Ж.Шабиров атындагы республикалык окуу борборунда билим алышкан. Ардагерлердин айтуусу боюнча алар түшкө чейин окуп, түштөн кийин дал ушул Академиянын курулуш иштерине жардам берип эмгектенишкен.

Ошентип, алар Академияга көчүп келип, бүтүп кеткен алгачкы бүтүрүүчүлөрү болгон. Иш-чаранын жыйынтыгында ардагерлер өздөрү алып келген белегин Академиянын жетекчилигине тапшырып, андан соң окуу жайдын ичи менен таанышып кайтышты.

ИИМдин Академиясынын Басма сөз кызматы