Кыргызстандын  волейбол боюнча курама командасы Азия чемпионатында Борбордук зонанын командалары арасында 2 -орунду ээледи.

Турнир Фергана шаарында (Өзбекстан) 17-22-августта өткөн. Ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын курама командалары катышты.

Кыргызстандык волейболчулар финалда Казакстан менен беттешти.

Оюндун биринчи партиясында 25:13 эсеби менен Казакстан командасы алдыга чыкты. Бирок экинчи партияда кыргыз волейболчулары күчтөнүп 26:20 эсебинде утуп, эсеп санын теңеди. Үчүнчү партияда кыл чайнаш беттеш болуп эсеп саны уламдан-улам теңелип жатты. Аягында 28:26 эсеби менен казакстандыктар утуп кетти. Ал эми төртүнчү бөлүктө улуттук команда 25:16 эсеби менен жеңилүү ызасын тартты.

Натыйжада жалпы эсеп 3:1 болуп Казакстан биринчи орунду ээледи.

Биринчи турда дагы Кыргызстан Казакстан менен кез келип, анда 3:2 эсебинде утулуп калган. Андан соң Тажикстан, Өзбекстан командаларын жеңип финалга чыккан.