Токиодогу Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси Акжол Махмудов өлкөнүн бийлигинен спортчулар үчүн жакшы шарт түзүүнү суранды. Бул тууралуу ал бүгүн Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде айтты.

Грек-рим стилиндеги балбан мамлекет башчысына, элге жана анын ата-энесине колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

«Мен ошондой эле машыктыруучуларга жана массажисттерге ыраазычылык билдирем. Бул биздин жалпы жеңишибиз. Өлкөбүз өнүгө берсин. Парижде боло турган Олимпиада оюндарына даярдык көрүү үчүн жакшы шарттар түзүлүүдө. Мен ойлойм, кийинки оюндарда Кыргызстан биринчи алтын медалга ээ болот ”, — деди Акжол Махмудов.