Кечээ, 22-августта Баткен облусунун Баткен районунун Төрт-Көчө аймагында Баткен облусундагы чек ара өкүлү менен Тажикстандын Исфара аймагынын чек ара өкүлү жолугушту. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.

Жолугушууда тараптар Эки-Таш аймагында Кыргызстандын жаранына таандык болгон унаага таш ыргытуу фактысы, ошондой эле «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайынын жанында чек арага жакын жерде тажик тарап тарабынан жүргүзүлгөн иштер боюнча сүйлөшүштү.