«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында бүгүн, 23-августта Токиодогу Олимпиада оюндарынын жеңүүчүлөрүнө жана катышуучуларына мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи өттү.
Салтанат аяктагандан кийин оор атлетика боюнча 1980 -жылы Москвадагы Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиев сөз сүйлөдү.
«Бүгүнкү мамлекеттик сыйлыктар — 2024 -жылы Парижде өтө турган Олимпиада оюндарынын алдындагы аванс. Республикабыздын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын белгилөөчү жылы биздин спортко да эгемендүүлүк керек. Бул маселеге көңүл буруңуз », — деди ал.
Президент Садыр Жапаров Оюндардын жеңүүчүлөрү Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов жана Мээрим Жуманазаровага «Манас» орденин, ар бирине 10 миллион сомдон жана Toyota RAV 4 автоунаасын тапшырды.
Эске салсак, 2021 -жылы мамлекеттик органдардын реформасынан кийин, Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги Маданият министрлигине өткөрүлүп берилген.