Интернетте тараган Ташиевдин тасмасы өткөн жылы парламенттик шайлоо учурунда жасалган.  Бул тууралуу УКМКнын төрагас К.Ташиевдин жардамчысы Өткүрбек Рахманов фейсбуктагы баракчсына жазды.

«Эки күндөн бери Камчыбек Ташиевге өткөн жылкы шайлоо учурунда тартылып, жасалган кыска тасманы чыгарып, ар кандай терс сөздөрду жазып, таратып жаткан топ пайда болгону байкалды. Ал тасма биринчиден, өткөн жылы парламенттик шайлоо-үгүт учурунда жасалган. Ал жерде айтылып жаткан сөздөрдүн мааниси Камчыбек Кыдыршаевичтин ошол кездеги — байлык, бийлик артынан кууп, таштап кеткен жоро-жолдоштору, бийликтин колтугуна кирип, сатып кеткен кишилерге карата айтылганын баары билет. Чындык жеңип, Аллах Тааладан суралган ак баталар орундалып, элибиз менен биргеликте Камчыбек Ташиев  сынып калбастан, жалгыз калганына карабастан, өзүнүн тилек-максатына жеткенине баарыбыз күбө болдук. Досум деп эл аралап жүргөн Камчыбек Ташиевдин ошол күндөрү бүтүндөй бир чоң тарых болуп калды. Демек, ал роликти бүгүнкү кара пиарыңарга колдонуудан майнап чыкпайт»,-деген ал.