Социалдык тармактарда сүрөттөрү тарап жаткан туристтердин биздин мамлекетибизде калайын деген ойлору дагы жок. Мындай пикирди Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди.

Возможно, это изображение (1 человек и стоит)

-«Урматтуу мекендештер!

Акыркы күндөрү өлкөбүздүн борборунда жана Ыссык-Көлдө чет өлкөлүк жарандар жүргөнүн сүрөткө тартып соцтармактарга ар кандай маалыматтарды билгени да билбегени да жазып жатышат!

Өлкөбүздө жүргөн чет өлкөлүк жарандар 1 айлык туристик виза алып келген ТУРИСТЕР, алардын бир айлык туристик визасы мыйзамга ылайык узартууга болбойт. Чет өлкөлүк жарандар Кыргызстанга келүүгө визаны онлайн Е-Виза системасы аркылуу эч кандай мамкызматкердин аралашпастыгы менен алышат.

Бул туристердин үчүнчү өлкөгө бара турган визалары бар жарандар, биздин мамлекетибизде калайын деген ойлору дагы жок!

Өлкөбүзгө канча көп туристер келсе ошончолук көп акча каражатын таксиге, тамак-ашка, жатаканага, аэропортко жана башка нерселерге сарптап таштап кетет. Ар бир турист 15 күндөн 1 ай ичинде жок дегенде 500 доллардан 1000 долларга чейин мамлекетибизге сарптап, таштап кетсе эмнеси жаман?

Азыр коронавирус пандемия убагында элибиз кыйналып турганда четден акча келип сиз менен бизге таштап кетсе жакшы эмесби?», — дейт Артыкбаев.