Кыргызстан Ооганстандын жарандарына виза берүүгө убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлады.

«Ооганстандагы кырдаал туруктуу болбой жаткандыктан Кыргызстанга күмөндүү адамдардын өтүп кетпеши, ошондой эле башпаанек издеген адамдардын чоң агымы болбошу үчүн Ооганстандын жарандарына виза берүүгө убактылуу чектөө киргизилди. Чектөө дипломатиялык жана кызматтык визаларга (дипломаттарга жана расмий делегациялардын мүчөлөрүнө) тиешелүү эмес», — деп билдирет министрлик.

Мурда айтылган ооганстандык студенттерге виза берүү маселеси макулдашууда турат.