Мындай пикирин Фейсбук колдонуучусу Абдулла Ташиевич, Президент Садыр Жапаровго жазган кайрылуусунда айтты.                                               Борбор Азия багбандар биримдигинин жетекчиси мамлекет башчысынан айыл чарбага көңүл буруп колдоо көрсөтүүнү суранган.

Төмөндө кайрылуунун тексттин өзгөртүүсүз беребиз:

 

« Кыргыз мамлекетинин президенти Садыр Нургожоевич Жапаровко

Борбор Азия багбандар биримдигинин                            жетекчиси

Абдулла Ташиевичтен

 

КАЙРЫЛУУ

Ассаламу алейкум, урматуу Садыр Нургожоевич.

Кыргыз жараны катары, элибиз канткенде бакубат ,мамлекетибиз бай өнүгүү жолуна түшөт деген максат менен.

Айыл чарбага көңүл буруп колдоо көрсөтүшүңүзгө жардам жана көмөк сураймын.

Айыл чарбага көңүл бөлүү менен мамлекетибиз өнүгүп өсүү жолуна оңой жетишет эле.

Анткени биздин жер жана суу ,өндүрүүчү ,жаратылыш ресурстарыбыз абдан чоң.

Айыл чарбасында ушул тапта бир миллион үч жуз миң гектар жер бөлүнгөн. Анын алты жуз миң гектары кайракы (багара). Андыктан аны иштете албай келебиз.

Мындан сырткары бир миллион беш жуз миң гектар жер жайыт багыты менен жазылып ,бирок ал жайытар да кысыр кароосуз жатат. Анткени деградацияга учурап жер кыртышы эррозия болуп ыйлай турган акыбалда.

Кантип жана эмне жардам керек?

  1. Каражат бөлүнсө
  2. Жер иштетүүдө ынгайлуу мыйзамдар кабыл алынса.

Бул колдоого сиздин саясий эркиңиз керек. Ишенет элем ушул жумуштарды коолдооңуз менен тарыхта чоң өзгөртүү жасамаксыз.

Багбанчылык  Аллах берген чоң жакшылык.

(Пайгамбарыбыз алейхи саллам. Авакеси Аббаска айты ,балдарына буйрук берген.

Булар хурма дарагын айдашсын деди. Анткени ушул айдоо кембагалдыкты кетирет деди.)

Буюрса биз себебин аткарсак Аллахым бизди жардылыктан кайтарып ,бай кылат.

Бак отургузууга бөлүнгөн каражаттан.

  1. Заманбап инвитро лабораториясы менен питомник ачуу ,саппатуу көчөт өндүрүү керек.

2.Агроном ,биоинженерлерди окутуу  зарыл.

Илим жана дүйнөлүк жаңы маалыматтар менен дасыккан профессинал адистерди даярдоо кайда ишке ашат десеңиз  Кадыржан Батыровдун университети бош турат.

Ошол жерге тажрыйбалуу мугалимдерди алып келип,  окуу базасын түзүп берсек.

  1. Ирригацияны кайра карап чыгуу адистерди жалдоо маселесин колго алсак.

Дүйнөдө суу чыгаруу боюнча жетишкен буровой установкаларды алып келип, термалдык сууларга чейин чыгарып, теплица, үйлөрүбүзгө  чейин арзан жылытып пайдалансак болот.

Биз суу ресурстарына өтө байбыз. Өзүңүз деле билесиз.

4.Логистика ,аналитика ,сатуу. Керектүү шаймандарды чыгаруучу жеңил ишканаларды ачуу.

Ушул нерселерге колдоо көрсөтүңүз.

Колдогонго,иштегенге биз даярбыз .

Буюрса Кыргызстаныбыз жаркырап жапжашыл чымчык кушу да сайрап, ар бир дарагы кошулуп Жаратканды аруулаган берекелүү мамлекет болот»,- деген ал.